Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Москванын борборунда акциянын 10 катышуучусу кармалды


Кызыл аянтта бийлик уруксат бербеген митингди өткөрүүгө аракеттенгени үчүн 10дон ашуун кишини полиция кармап кетти. Алардын арасында «Солчул фронт» кыймылынын лидери Сергей Удальцовдун аялы Анастасия дагы бар. Буга чейин баш калаанын түндүгүндө Сергей Удальцов өзү кармалган.

Кремлдин капталындагы Манеж аянтын күч кызматкерлери курчоого алып турат. Триумф аянты дагы акциялар өтүшү мүмкүн деп айтылганыдктан, катуу көзөмөлдө.

Оппозициялык маанайдагы активисттер Мамлекеттик Думага болгон шайлоону мыйзамсыз деп нааразылык билдирүүдө. Шайлоо аалдында бир катар оппозициялык партиялар катоодон өтпөй калып, шайлоого катышуу укугунан ажыраган.

Бүгүн Орусиянын жарандары парламенттин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Думага 450 депутатты шайлоого добуш берүүдө.

XS
SM
MD
LG