Бүгүн Египетте парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы башталды. Эки күндүк өнөктүк учурунда шайлоочулар өткөн жумадагы биринчи айлампада баарынан көп добуш алган “Мусулман агайиндер” жана эскичил “Салафи ан-Нури” партияларынын талапкерлери үчүн добуш беришет. Реформачыл лидер, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мухаммед ал-Барадейи февралда Хосни Мубаракты бийликтен кетирген козголуштун башында турган жаштарды исламчылар шайлоодон сүрүп салганын билдирди.
Египеттеги парламенттик шайлоо январда аяктайт.
Египеттеги парламенттик шайлоо январда аяктайт.