Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Аймактык шайлоо комиссиялары текшерүүдөн өтүүдө


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурмамат Ашымовдун “Азаттыкка” билдиришинче, ушул күндөрү Кыргызстандагы аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоого бөлүнгөн каражатты кантип сарптаганы текшерилип жатат. Эсеп палатасынын, Салык кызматынын өкүлдөрүнөн жана БШКнын мүчөлөрүнөн турган топ шайлоо комиссияларынын шайлоо өнөктүгүндөгү ишмердүүлүгүн текшерип чыгат. Текшерүү иштери бул ай ичинде аяктоого тийиш. Кыргызстанда 30-октябрда болуп өткөн президенттик шайлоодо жалпысынан 58 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG