Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Эми бишкектиктер бир жерден гана паспорт алышат


Бишкектеги төрт районго тиешелүү паспорт үстөлдөрү жоюлуп, анын ордуна Калкка кызмат көрсөтүү боюнча бирдиктүү борбор ачылды. Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Анара Мамытованын “Азаттыкка” билдиришинче, бул борбор бүгүндөн тарта иштей баштайт. Мындан ары шаар тургундары бир жерден гана паспорт алышат.

Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндөгү 24-үйдө жайгашкан бул борбор видеокөзөмөл камералары, үн жазуучу аппараттар менен жабдылган. Мындай өзгөрүүлөр аркылуу паспорт алуудагы коррупциялык аракеттерди ооздуктоо максат кылынууда. Борборго заманбап техника алынып келгендиктен, жарандардын убактысын үнөмдөөгө да ылайыктуу шарт түзүлмөкчү.

Кийинчерээк бул борбордо бир гана паспорт эмес, нике күбөлүгү өңдүү башка документтерди алууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул өңдүү борборлор Ош жана Жалал-Абад шаарларында 17-октябрдан тарта иштеп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG