Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Алайлыктар талаптары аткарылбаса акциясын улантат


Алай районунун Гүлчө айылынын айрым жашоочулары талаптары аткарылбаса, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековду колдогон нааразылык акцияларын улантып, Ош - Эркеч-Там жолун тосушат. Жергиликтүү тургун Алмаз Осмоновдун “Азаттыкка” билдиришинче, алар спикерди каралоону токтотууну жана 5-декабрга чейин депутат Өмүрбек Текебаевдин сыналгы аркылуу кечирим сурашын талап кылып жатышат. Соңку кырдаал боюнча депутат өз пикирин билдире элек.

Алай районун Гүлчө айылынын тургундары өткөн ишемби күнү нааразылык акциясына чыгып, 5-декабрга чейин акцияларын убактылуу токтотушкан. Өткөн жума күнү Келдибековду колдогон онго чукул аксакал Алай районунан келип, Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүшкөн.

Өткөн аптада Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы спикер Ахматбек Келдибековду бир катар маселелер боюнча айыптап, аны жумуштан кетишин талап кылышкан. Келдибеков айыптарды четке каккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG