Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Коалицияны ким түзөөрү жакында ачыкталат


Президент Алмазбек Атамбаев ушул апта ичинде Жогорку Кеңештеги бир фракцияга жаңы коалицияны түзүү укугун бериши мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин парламенттеги толук ыйгарымдуу өкүлү Данияр Нарынбаев билдирди. Анын айтымында, президент жаңы коалиция түзүү маселесин көпкө создуктурбайт:

“Бул аптада ачыкталышы толук мүмкүн. Ачыкталууга тийиш деп ойлойм. Себеби, биз көпкө узартпай, бул маселени тез аранын ичинде карап чыгышыбыз керек”,-деди Данияр Нарынбаев.

Азырынча коалиция түзүү укугу кайсы фракцияга тапшырылары так белгисиз. Өткөн жума күнү парламенттеги Социал-демократтар фракциясы коалициядан чыкканын жарыялаган. Бул жагдай мындан кеминде бир жыл мурда КСДП, “Ата-Журт” жана “Республика” фракцияларынын ортосунда түзүлгөн парламенттик көпчүлүктүн чачырашына алып келген.

Коалиция түзү укугун алган фракция 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттеги көпчүлүктү түзүп, өкмөт башчы ким болоорун аныкташы керек. (KKs)

XS
SM
MD
LG