Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Муфтийдин Сауд Арапстан падышасына жазган каты талкуу жаратты


Муфтий Чубак ажы Жалиловдун Сауд Арапстандын падышасына жазган каты коомчулукта талкуу жаратууда. Катта Кыргызстанга бөлүнгөн 4500 миң ажылык квотадан тышкары дагы 1500 ажылык виза суралган.

Ажы башчы, Ош шаарындагы "Ак бата" аксакалдар коомунун өкүлү Жанарбек Матиев буларды билдирди:

- Ал катта “өзүңүз билгендей кыргыз эли көчмөн жашоодо жашайт” деп айтылган. Арабчадан которулганда жапайы, караңгы жана түнт жашоо кечирген деп айтылат экен.

Муфтий бул дооматтарды четке какты:

- Ал жерде “кыргыз эли араб эли сыяктуу эле көчмөн жана эркин эл. Эч убакта адилетсиз бийликке баш ийип берген эмес. Ошондуктан эки президентти кубалаган. Ушул элдин эрдигин эске алып, кошумча квота бергиле” деп суралган.

Баш муфтий бул боюнча ушул аптада атайын маалымат бере турганын кошумчалады. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG