Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Келдибеков Алайдагы шайлоочуларына кайрылды


Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков өзүнүн Алай районундагы шайлоочуларына кайрылып, депутат Текебаевдин ал жөнүндө айткан сөздөрүнө көнүл бурбаганга чакырды. Текебаевди "өнөкөт оппозиционер" деп атап, ал парламенттин төрагасы болуш үчүн элге туура эмес маалымат таратып жатат деди. Суукта митингге чыкпагыла деп чакырды.

30-ноябрда Жогорку Кеңештеги Өмүрбек Текебаев жетектеген "Ата Мекен" фракциясы Келдибековдун жүрүм-турумун кескин сындап, ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган болчу. Ошол эле күнү өзүлөрүн алайлык аксакалдарбыз деп тааныштырган он чакты карыя Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, Текебаевдин айткандарын сындашкан. Андан кийин Ош облусунун Алай районунда алты жүздөй киши катышкан митинг болгон. Алар Текебаевдин Келдибековдон жана алайлыктардан кечирим сурашын талап кылышкан. Нааразылык акциясын бүгүн да улантышмак, бирок чыгышкан жок. Айрым серепчилер ал митингди Келдибеков өзү уюуштурушу мүмкүн дешкен.(RK)

XS
SM
MD
LG