Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Абдирасулова: Ала-Букада мушташкандар кайра элдешип алышты


Ала-Бука районунун Баймак айылында үйлөнүү тою учурунда чыккан мушташтын катышуучулары эртеси күнү эле жарашып алышкан. Бул тууралуу жергиликтүү милиция жана прокуратуранын маалыматына таянып укук коргоочу Азиза Абдирасулова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, аталган айылда Камил Садыков аттуу адам уулу Кабылдын үйлөнүү тоюн өткөрүп жатканда мушташ чыккан. Күйөө жолдоштордун атынан тажик музыкасы жаңыра баштаганда коноктордун арасынан “кыргызча ыр койгула” деген мааниде сөздөр айтылып, чыр чыккан. Мушташтан кыргыз улутундагы эки адам жеңил жараат алган. Милиция тажик улутундагы 5 адамды кармап кеткен. Бирок ошол эле күнү экөөнү, эртеси калган үчөөнү түшүнүк кат жазып бергенден кийин кое берген. Мушташкан тараптардын эч кимиси милицияга арызданган эмес.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Баймак айылында кыргыздар менен тажиктер аралаш жашашат.

Интернеттеги маалымат булактарында 17-ноябрда Ала-Букада тажик улутундагы үй-бүлөдө той учурунда кыргыздар менен тажиктердин ортосунда улут аралык жаңжал чыкканы тууралуу маалымат пайда болгон. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG