Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

Жоокерлер психикалык сыркоолорго жардам көрсөтүштү


Коргоо министрлигинин карамагындагы жоокерлер Токмоктогу психоневрологиялык интернатка жардам көрсөтүштү. Бул интернатта психикалык сыркоо эркектер дарыланышат. Жоокерлер аларга жылуу кийим, консерваланган эт азыктарын алып барып беришти. Концерттик программа тартуулашты. Учурда Кыргызстан боюнча 3-декабрь - Майыптар күнүнө арналган бир айлык өтүп жатат. Коргоо министрлиги бул акцияга арнап "Биз биргебиз!" деген ураан астында кайрымдуулук иш-чараларды өткөрүп жатканын министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG