Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Балдарына ВИЧ жуккан энелер Бишкекке кайра келишти


Дарыгерлердин шалаакылыгынан балдарына ВИЧ жуккан энелер кайра Бишкекке келишти. Бул тууралуу алар өзүлөрү "Азаттыкка" кабарлашты. Айтымында, Жогорку Кеңеш берген убадалардын ичинен жөлөкпулдан тышкары бири да иш жүзүндө аткарыла электигинен 29-ноябрда Бишкекке келишкен. Ошондон бери парламенттин алдына чыгып, депутаттар менен жолугууга аракетинен майнап чыккан эмес.Бүгүн саат үчтө депутат Дамира Ниязалиева кабыл алам деп убада берген. Бирок ага кире албаган энелер суранып жатып төрага Ахматбек Келдибековдун кабыл алуусунда болушту.

"Төраганын фондунан убадаланган 1 миллион сомду эки жума бою митинг өткөргөн 12 баланын энелерине эмес, ВИЧ жуккан баардык 283 балага бөлмөй болушту. Ал акчасын азырынча көрө элекпиз. Бирок эң негизгиси, үй маселеси болуп жатат. Былтыркы июн окуясында жабыркагандарга салынып жаткан үйлөрдөн беребиз дешкен. Бирок токтомго бул сөздөр жазылбай калганын укканыбыздан кайра келип олтурабыз. Өзүнөр билгендей, Ошто азыр андан башка үй курулган жери жок да. Деги эле бул токтом али күнчө кабыл алына элек экен", - дешти энелер.

Келдибеков менен жолукканда токтом депутат Дамира Ниязалиева кол кое электигине байланыштуу кабыл алынбай жатканы маалым болгону бүгүнкү жолугушууда айтылды. Жогорку Кеңештин төрагасы энелерге алар койгон талаптар эске алынаарын айтты. Энелер кайра бүгүн Ошко учуп кетмей болушууда.

ВИЧ жуккан 8 баласы менен 12 эне Оштон Бишкекке келип ноябрдын соңунда митинг өткөрүшкөн. Алардын талаптары парламентте талкууланып, токтомдун долбоору кабыл алынганы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG