Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

ЕККУ байкоочулары: Думага шайлоо бурмалоо менен коштолду


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жана Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын байкоочулары Россиядагы парламенттик шайлоодо саясий атаандаштык чектелгенин жана өнөктүктүн калыс болбогонун белгилешти. Алар процедуралык мыйзам бузуулар, бюллетендерди тобу менен таштоо өңдүү бурмалоолор орун алганын билдиришти.

Ал аралыкта Борбордук шайлоо комиссиясы бийликтеги “Бирдиктүү Россия” партиясына Мамлекеттик думадагы 450 мандаттын жарымынан көбү тийерин жарыялады. Премьер-министр Владимир Путиндин партиясы парламенттин төмөнкү палатасында 315 оорунду ээлеп келсе, эми 238 мандатты алмакчы. Экинчи болуп марага коммунисттер келишти. Андан ары борборчул “Адилетүү Россия” партиясы жана Либерал-демократтар жайгашты.

Активисттер менен оппозиция лидерлери добуш берүү бурмалоолор менен коштолгонун ырасташууда. Москвада шайлоого нааразылыгын билдирген 200 чакты адам камалганы кабарланууда.
Бир катар көз карандысыз булактардын веб сайттары кечээ хаккерлердин чабуулдарына туш болуп, ачылбай калган.

Путин 3 айдан кийин өтчү президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген.

XS
SM
MD
LG