Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:54

Гринпистин активисттери Франциядагы атомдук станцияга кирип барышты


Айлана-чөйрөнү коргоочулар бүгүн Франциядагы атомдук станциянын аймагына күч менен кирип барышты. Окуя Парижден 100 километрдей алыс жайгашкан Nogent-sur-Seine ишканасында болгон. Бул тууралуу билдирген Гринпис уюму муну менен активисттер атомдук станцияларга каалаган кишилер кире алышаарын, анын аркасы кооптуу болушу мүмкүн экенин көргөзгүлөрү келген деди. Франциянын электр тармагынын өкүлдөрү 7 киши кармалганын, станциянын аймагына чоочун адамдардын кириши дароо аныкталып, коопсуздукка эч кандай залака келтирилбегенин маалымдады. Франция керектеген электрэнергиянын 75 процентин атомдук станциялардан алат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG