Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Эл аралык кылмыш сотунда Гбагбонун иши каралды


Кот д`Ивуардын мурдагы президенти Лоран Гбагбонун иши Эл аралык кылмыш сотунда карала баштады. Былтыр президенттик шайлоодон кийин орун алган адам өлтүрүү, зордуктоо фактылары үчүн айыпталып жаткан Гбагбо өткөн жумада Голландияга жеткирилген. Судья анын согуш кылмыштары үчүн соттолуп-соттолбошу 18-июнда жарыяланаарын билдирди. Гбагбо шайлоодо жеңилгенин моюнга алуудан баш тарткандан кийин тутанган зордук-зомбулук учурунда эки тараптан тең 3 миңдей киши набыт кеткен. Президент Алассан Уаттара апрель айында Франция жана БУУнун жардамы менен бийликке отурган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG