Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:11

Мамдирекция сындарды четке кагууда


Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясы Ошто былтыркы коогалаңда жабыр тарткандарга салынган көп кабаттуу үйлөр боюнча сындарды четке кагууда. Мекеменин басма сөз кызматы таркаткан маалыматка ылайык, дубалдарында жарака кетти делген көп кабаттуу үйлөр бардык талаптарга жооп берет.

Дирекция жер титирөөгө ылайыкталган атайын көңдөй боштуктарды жарака катары туура эмес сыпатталып жатканын билдирүүдө. Бирок Оштун Манас-Ата кичирайонундагы 5 кабаттан турган 75 батирлүү үйдүн айрым жашоочулары жаңы үйдүн пайдубалы чөгүп, дубалдарда жаракалар кетип жатканын кабарлашууда. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG