Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Сирияда кандуу булоон уланууда


Сириянын өкмөтчүл “Сабиха” милициясы уурдап кеткен 34 адамдын жасаты дүйшөмбү күнү ортолуктагы Хомс шаарында табылды. Бул адамдар анти-өкмөттүк чыгуулардын ордосу эсептелген Хомска чектеш жерлерден уурдалганын Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарына байкоо салчу уюм кабарлады.

Дүйшөмбү күнү президент Башар Асадга ишенимдүү күчтөр Хомс провинциясында жети кишини атып кетти. Ишемби, жекшемби күндөрдөгү кагылыштарда окко учкан 63 адамдын Хомс шаарынын тургундары экени маалымдалды.

Дүйшөмбү күнү армиядан качкан жоокерлер түштүктөгү Дараа провинциясында коопсуздук кызматынын төрт адамын жок кылганы маалымдалды. Сириянын тышкы иштер министрлиги Арап лигасынын тынчтык планын колдоп, өлкөгө байкоочуларды киргизерин билдирди.

XS
SM
MD
LG