Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Саралинов: Олимпиадага 12-15 жолдомо алабыз


"Лондон олимпиадасына чейин дагы турнирлер бар, мен өзүбүздүн балбандарыбызга ишенем", - деп билдирди "Азаттыка" Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов. Анын айтымында, февралдан баштап ошол турнирлер башталат. Азыр даярдануу жакшы жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө Лондон олимпиадасына эки жолдомо бар. Саралинов ага чейин 12-15 жолдомо болооруна ишенет.

Күзүндө Стамбулда өткөн чемпионатта күрөш боюнча кыргызстандык балбандардын баары утулуп калышкан. Күрөш федерациясынын президенти Бейшен Абилдаев кыргыз спортчуларынын даярдыгы жакшы эле болгонун, бирок күрөштүн азыркы эрежеси бир аз башкачараак болуп калганын утулуштун негизги себеби катары атаган.

2012-жылдын 27-июлунан 12-августуна чейин Лондондо отузунчу жайкы олимпиада оюндары өтөт. (EBM/ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG