Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Бишкекте чет элдиктерди тоногон деп шектелген киши кармалды


Бишкекте чет элдик жарандарды тоногон деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. 19 жаштагы Алыбаев Чыныбай аттуу жигит Кыргыз улуттук университетинин студенти экени аныкталды. Учурда ал камакта. Негизинен Чүй жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жатаканада жашаган Индиянын жана Пакистандын студенттерин бычак мене коркутуп, акчасын, чөнтөк телефондорун жана ноутбуктарын тартып алган учурлары соңку бир нече айда көп жолу катталганы айтылууда. Иликтөө иштери жүрүп жатат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG