Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Ош шаарында автобус жетишпейт


Ош шаарына автобустар жетишсиз болгондуктан, айдоочулар жүргүнчүлөрдү болушунча батырып ташууга мажбур. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинин жетекчиси Иляс Ражабов билдирди. Анын айтымында, шаарды толук кандуу тейлөө үчүн 350 автобус керектелсе, азыр болгону 60 автобус гана жүргүнчү ташыйт. Акыркы эки жылда Кытайдан 65 жаңы автобус сатып алганы менен, ондон ашууну былтыркы капсалңда күйүп кетип, жараксыз болуп калган.

Иляс Ражабовдун айтымында, келерки жылдан тарта шаар жетекчилиги автобус тартыштыгын чечүү үчүн жаңы унааларды сатып алууну пландап жатат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG