Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 08:12

“Улуу Дастандагы өчпөс элестер” аттуу көргөзмө өтөт


Бишкектеги Улуттук тарых музейинде “Улуу Дастандагы өчпөс элестер” аттуу көргөзмө өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" “Кылым Көчү” коомдук бирикмесинен кабарлашты. Анда биринчи жолу “Айкөл Манас” дастанында айтылган 100гө жакын каармандын сүрөттөрү коюлат. Чыгарманын баш каарманы Манастан баштап, анын душмандары Коңурбайга чейин. Сүрөттөр эң алгачкы манасчы Жайсаң Үмөт уулунун айтуусунун негизинде Бүбү Мариям Муса кызы жана сүрөтчү Аман Чилдебаев менен биргеликте жаратылган. Көргөзмө 8-декабрда ачылат. (MTo/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG