Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

АКШ Мамлекеттик катчысы Орусиядагы шайлоону адилетсиз деп атады


Хиллари Клинтон Орусиянын жекшембидеги парламенттик шайлоосун ЕККУ уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Литва борбору – Вилньюстагы жыйынында сынга алды. АКШ Мамкатчысы белгилегендей, бул адилетсиз шайлоодогу мыйзам бузуулар толугу менен иликтенүүсү керек.

- Биз көп жерлерден, соңку ирет Орусиянын Дума шайлоосунан көргөндөй эркин жана адилет эмес шайлоолор адамдардын ишенимин кетирет. Бизде мындай шайлоолордун өтүүсү боюнча олуттуу тынчыздануу бар. ПАРНАС сыяктуу көз карандысыз партиялар катталуу укугунан ажыраган. ЕККУнун баштапкы баяндамасы шайлоо күнү бюллетен ташталуучу үкөктү толтуруу, шайлоочулардын тизмеси менен манипуляциялоо жана башка кооптуу иштер болгонун айтууда.

Жекшембидеги шайлоонун натыйжасында Орусия Думасына төрт партия кире турган болду. Бринчи орунду премьер-министр Владимир Путиндин “Бирдиктүү Орусия” партиясы алды. Оппозициядагы саясатчылар жана байкоочулар шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилешти.

Кечээ кечинде Москвада шайлоо жыйынтыгына нааразы миңденген адам демонстрацияга чыгып, алардын 300дөйү камакка алынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG