Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Электр энергияга болгон керектөө өсүүдө


Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетовдун билдиришинче, быйыл Кыргызстанда электр энергиясы былтыркы жылга салыштырмалуу көбүрөөк керектелүүдө. Ушул тапта бир суткада колдонулган электр энергиясынын өлчөмү 54 миллион киловатт/саатты түзүүдө. Былтыр ушул маалда суткасына 47 миллион кВт/саат керектелип, кыштын эң суук күнүндө гана 56 миллион кВт/саатка жеткен. Соңку жагдай кыштын кеминде 20 күнгө эрте түшкөнү жана жарандардын көбү электр жылыткычтарын колдонуп жатканы менен түшүндүрүлүүдө. Электр энергиясынын көп керектилиши бөлүштүрүүчү линиялардын иштен чыгышына да себеп болууда. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG