Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

БУУ Ирактан "Мужахеддин Халктын" лагерин жаппоону сурады


БУУ Иракка кайрылып, 31-декабрда ирандык качкындардын талаштуу конуш жайын жаппаганга чакырды. Багдаддан 60 чакырым түндүктөгү Ашраф лагеринде сүргүндөгү Иран оппозициясынын “Мужахеддин Халк” уюмунун баш кеңсеси жайгашкан. Бул лагерде 3 миңдей качкын да жашайт. Улуттар Уюмунун атайын чабарманы Мартин Коблер Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан соң 31-декабрга чейин ирандык бозгундар үчүн жаңы баш паанек табуу мүмкүн эмес экенин билдирди:

-Эч ким мажбурланып, кайсы бир нерсени жасабаш керек. Эч ким эркине каршы өз мекенине кайтарылбаш керек, бул ыктыярдуу иш. Биз кабыл алчу чечим Ашраф лагеринин жашоочулары менен макулдашылууга тийиш.

Ирактын БУУдагы элчиси Хамид ал-Баятинин айтымында, анын өкмөтү “эч кимди Иранга кайтып бар деп мажбурлоону каалабайт”.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG