Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Спикер Келдибековдун маселесин парламент дүйшөмбүдө карайт


Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго ишеним көрсөтпөө маселесин парламент келерки дүйшөмбүдө карамай болду. Бүгүн парламентте ушундай маселе кабыл алынды. Ошондой эле төрага боюнча айтылган сынды териштирүү үчүн атайын комиссия түзүлмөй болду. Ага ар бир фракциядан бирден депутат кирет.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Келдибековду төрагалык кызматтан алуу маселесин талкуулоо үчүн 10-декабрда парламенттин кезексиз жыйынын чакыртуу сунушун бүгүн айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG