Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

АКШ Иранда виртулдык элчиканасын ачты


Кошмо Штаттар Ирандын эли менен мамиле түзүү үчүн виртуалдык элчилик ачты. Интернеттеги сайтта материалдар англис жана перси тилдеринде чыккан. АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон виртуалдык элчиликтин ачылышына байланыштуу видеокайрылуусунда жаңы сайт 1979-жылы америкалыктар менен ирандыктар ортосунда үзүлгөн диалогду улантууну көздөөрүн айтты.

1979-жылкы Ирандагы ислам ынкылабынан кийин АКШнын Тегерандагы элчиканасын исламчылар менен студенттер басып алышып, 52 америкалыкты 444 күн барымтада кармаган. Ошондон кийин АКШ Ирандагы элчилигин жаап, эки тарап дипломаттык алакасын токтоткон.

XS
SM
MD
LG