Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Грек парламенти өкмөт менен кошо "белди" бууду


Грекиянын парламенти 2012-жылдын бюджетин бекитти. Мамлекеттин олчойгон карызын азайтуу жана өлкөнү рессециядан чыгаруу максатында бюджетте социалдык чыгымдар кескин кыскартылып, салык көбөйтүлгөн. Катаал чараларды камтыган бюджетти парламенттеги социалисттер, консерваторлор жана улутчулдардын фракциялары негизинен колдоду. Парламенттеги 300 депутаттын 258и колдоп, 41 депутат каршы добуш берди. Грек өкмөтү өлкөнү финансылык кризистен сактап калуу үчүн Евробиримдиктен миллиарддаган евро карыз алган жана анын акысына бюджетти каскартып, салыкты көбөйткөнгө макулдук берген.

Евробиримдик азыр 17 өлкөнүн орток акчасы - еврону сактап калуунун амалын издөөдө.

XS
SM
MD
LG