Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

"Арсенал" уткурса да мелдешти улантат


Кечээ Европанын чемпиондор лигасынынын кубогу үчүн футболдук таймаштар өттү. Лондондун “Челси” командасы Испаниянын “Валенсия” клубун 3:0 эсебинде утуп, мелдешти улантуу үчүн плей-оффко чыкты. Санкт-Петербургудун “Зенити” португалдардын “Портосу” менен тең чыкты жана мелдешти улантат. “Порто” узак жылдардан бери биринчи жолу Чемпиондор лигасында мелдешти эрте бүттү. Донецкинин “Шахтеру” конокто Кипрдин АПЭЛ клубун 2:0 эсебинде утту, бирок мелдештен чыгып калды. Англиянын “Арсеналы” Грецияда “Олимпиакоско” 1:3 эсебинде жеңилди, бирок өз группасында биринчи бойдон калды. Чехиянын “Плзен” клубу Италиянын “Миланы” менен 2:2 эсебинде ойноп, миландыктар сыяктуу эле мелдешти улантканга укук алды.

XS
SM
MD
LG