Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

ЕККУнун министрлери журналисттердин коопсуздугун талкуулап жатышат


Бүгүн Литванын борбору Вильнюс шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүп жатат. Анда журналисттердин коопсуздугу талкууланып жатканын тышкы саясый министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Ошондой эле транспорттук алакалар, аялдардын экономикадагы, энергетикалык коопсуздуктагы орду, киберкоркунучтар, баңгилик көйгөйлөрү талкууланып жатат. Кыргызстандан бул жыйынга министрдин орун басары Динара Кемелова катышууда. Кыргызстан ЕККУга 1992-жылы мүчө болгон. Вильнюстагы жыйынга 56 өлкөдөн келген 40 министр катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG