Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Ош губернатору «Ошэлектронун» ишин сындады


Ош губернатору «Ошэлектронун» ишине канааттанбайт. Бул тууралуу облус жетекчиси Сооронбай Жээнбеков аппараттык жыйында “Ошэлектро” ишканасынын аткарган жумуштары боюнча маселени талкуулоо учурунда айтты.

Кышка даярдык начар болгондуктан Ошто электр жарыгы тез-тез үзгүлтүккө учурап жатат. Жоготуулар өткөн жылга салыштырганда 16 пайызга өсүп, дебитордук карыз 198 миллион сомго жетти”,-деди Жээнбеков.

Мындан сырткары губернатор энергетиктердин карапайым калк үчүн абдан чоң өлчөмдө айыппулдарды салып жаткандыгын белгилеп, бул маселени тез арада жөнгө салууну “Ошэлектронун” жетекчилигине тапшырды. (RK)

XS
SM
MD
LG