Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Соттук медэкспертизаны Жогорку Сотко өткөрүү сунушу айтылды


"Соттук медициналык экспертиза жүргүзүүчү мекеменин ишине көп нааразылыктар бар экен, аны Жогорку Соттун карамагына өткөрсөңөр туура болоор", - деди Жогорку Соттун жетекчисинин милдетин аткаруучу Феруза Жамашева менен жолугушууда БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Феруза Жамашева кыйноо жолу менен күнөөсүн моюнуна алдырган кылмыш иштери сотто дыкат териштирилип, андай соттолуучулар акталган учурлар бар экенин БУУнун өкүлүнө айтып берди. Сот реформасынын жүрүшү тууралуу кабарлады.

Азыр соттук медэкспертиза Юстиция министрлигине карайт. Анын чыгарган бүтүмдөрүнүн негизинде кылмыш иштери иликтенип, соттук чечимдер чыгарылат. Хуан Мендести Кыргызстандын өкмөтү чакырган. Ал бир апта бою Бишкекте жана Ошто бир катар жолугушууларды өткөрүп, баяндамасын жазат. Анын негизинде кыйноолорду болтурбоо боюнча кеңештерин айтат. (RK)

XS
SM
MD
LG