Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Jaguar ичимдигин өспүрүмдөргө саткандарды жазалоо сунушталды


Jaguar сыяктуу ичимдиктерди жашы жете электерге саткандарды жоопко тартып, жазасын катуулоо керек. Депутат Турсунбай Бакир уулу сунуштаган бул маселени учурда Жогорку Кеңеш талкуулап жатат.

Адистердин айтымында, күчү 9 пайыздык Jaguar сыяктуу энергетикалык деп аталган ичимдиктер өспүрүмдөр арасында алкаголдук көз карандылыкты пайда кылат. Аларды сатууга коңшу өлкөлөрдө тыюу салынган. Мындай ичимдиктердин 300 миллилитринин күчү 50 грамм арактыкындай. Алардын курамында кайра-кайра ичкиси келе бере тургандай атайын кошулмалар бар.

Депутат Айнуру Алтыбаева "Эгер мурда 15-16 жаштагы балдар аракечтикке берилип жатканын айтып келсек, эми 10-13 жаштагы балдарыбыз арак ичип жатышат", - деп айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG