Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Отунбаева: Саясатчылардын жүрүм-туруму демократия үчүн маанилүү


Демократия шартында ар бир саясатчынын жүрүм-туруму өтө чоң мааниге ээ. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан эл аралык жыйында экс-президент Роза Отунбаева айтты. Отунбаеванын пикиринде, эгерде саясатчылар эрежелерди бузса, иштен майнап чыкпайт.

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүгүүсүнө арналган талкуу жүрүп жатат. Ага эл аралык адистер да катышууда. Парламенттик башкарууга Кыргызстан былтыр өткөн.

Отунбаева парламенттеги коалиция буга чейин консенсуска келиш үчүн түзүлгөн болсо, эми идеялык принциптерге негизделип түзүлүшү керектигин айтты.

Талкууга катышкан айрым укук коргоочулардын пикиринде, 30-октябрда өткөн президенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар, шайлоочулардын укуктарынын тебелениши менен коштолду. БШК айрым бузуулар болгонун, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир бербегенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG