Жаштар иштери боюнча министрликтин Жалал-Абад облустук бөлүмү район шаарларында тасмаларды бекер көрсөтүүнү уюштурууда. Бул акция 17-декабрга чейин уланат. Негизги максат - жаштарды, өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка, толеренттуулукка тарбиялоо.
«Манас эпосу», «Курманжан Датка», «Почтальон», «Менин атым Хан» аттуу кыргызстандык жана чет өлкөлүк тасмалар бир күндө төрт сеанс менен көрсөтүлүүдө. Бүгүн иш-чара Базар-Коргон районунун маданият үйүндө өтүп жатат. (RK)