Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:45

Кадыровдун сотунда жабырлануучулар көрсөтмө беришти


Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровдун иши облустук сотто карала баштады. Бүгүн жабырлануучулар жана күбөлөр көрсөтмө беришти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Батыровдун адвокаттары облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан.

Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун жетекчиси Кадыржан Батыров жана дагы 5 адам былтыркы июн окуяларын козуткан, сепаратисттик ураандар менен чыккан, эл арасында башаламандык уюштурган деген айып менен быйыл 28-октябрда соттолушкан. Батыров интернеттеги маектеринде өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып келет. 2010-жылы Ош жана Жалал-Абадда кыргыз-өзбек этностор аралык жаңжал чыгып, 400дөн ашык адамдын өмүрү кыйылган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG