Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Балдардын укугун коргоочулар лигасы билдирүү таратты


Кыргызстандагы Балдарды коргоочулар лигасы саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Сабыржан Абдикаримовдун жана Касымбек Мамбетовдун кызматтан кетүүсүн талап кылды. Мындай талап наристелерге медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынан ВИЧ вирусунун жукканына байланыштуу коюлду. Бирок аталган эки аткаминер тең министрликтин маалымат катчылыгы аркылуу жооп айтып, кызматтан кетүүгө негиз жок экенин билдиришти. Дарыгерлердин айынан балдарга ВИЧтин жуккан учуру алгач 2007-жылы Ош облусунда катталган. Азыр дарыгерлердин шалаакылыгынан жуккан, айыккыс илдетке алып келе турган бул вируска чалдыккан балдардын жалпы саны 191. (RK)

XS
SM
MD
LG