Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Акча төлөп аскердик милдет өтөөнү жоюу сунушталууда


Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, 7-декабрда депутат Исмаил Исаков Жогорку Кеңештин отурумуна аскердик кызмат өтөөнүн түрлөрү тууралуу мыйзам долбоорун алып чыкты. Долбоорго ылайык, аскерлердин кесипкөйлүгүн арттыруу үчүн акча төлөп, мобилизациялык резервде кызмат өтөөнү алып салуу демилгеси көтөрүлүүдө. Мындан сырткары, офицерлердин жана прапорщиктердин аскердик кызматта жүргөндөгү жаш курагын узартуу сунушталууда. Бул жол менен тажрыйбага жана күчкө толуп турган аскер кызматкерлердин кызматтан эрте кетишин алдын алуу максат кылынууда. Ошондой эле мыйзам долбооруна ылайык, аскерге чакыруунун жаш курагы 19дан 25 жашка чейин деп белгиленүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG