Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:08

“Ата Мекен”: Келдибеков менен Көлбаевдин жолукканы тастыкталууда


Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков менен "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Көлбаевдин былтыр жаңы жылдан кийин Ысык-Көлдөгү «Каприз» мейманканасында жолукканын ИИМ тастыктоодо. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынан депутат Өмүрбек Абдрахманов кечээ «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүндө билдирди. Мындан тышкары Көлбаев менен Келдибековдун бир учакта учканы такталганы кабарланды. Бирок программага катышкан «Ата Журт» фракциясынан депутат Надира Нарматова бул жөн гана дал келүү жана кокустук экенин белгилеп, Келдибековго коюлган дооматтарды негизсиз деп айтты. Буга чейин Келдибеков бул маалыматтарды бир нече ирээт четке каккан болчу. Соңку жагдай боюнча ИИМ расмий маалымат бере элек.

Келдибеков менен Көлбаевдин жолугуп, жолукпаганы боюнча маселени иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын кечээ кечки отурумунда да кеп болду. Комиссия жыйынын бүгүн да улантып, ага Ысык-Көлдүн тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG