Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

Президент фракция жетекчилери менен сүйлөшүп бүттү


Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жаңы коалицияны түзүү боюнча парламенттеги фракция жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп бүттү. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул кеңешмелерде жаңы коалиция менен Жогорку Кеңештин алдындагы жаңы милдеттерге көңүл бурулду.

Жакын арада президент коалицияны түзүү укугун беш фракциянын бирине тапшырмакчы. Мындай укукту алган фракция 15 жумушчу күндүн ичинде парламентте коалициялык көпчүлүктү курап, өкмөт башчы ким болоорун аныкташы керек.

Өткөн жума күнү КСДП фракциясынын коалициядан чыгышы кеминде бир жыл мурда түзүлгөн парламенттик көпчүлүктүн таркашына алып келген. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG