Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Дадабаев: Жүрөк-кан тамыр операциялары жасалчу жабдык өтө эски


Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларына операция жасалуучу жабдыктар өтө эски. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук кардиология жана терапия борборунун рентген хирургия бөлүмүнүн башчысы Мурат Дадабаев билдирди.

Анын айтымында, 2001-жылы чыгарылган ангиографиялык жабдык иштетилип жатат. Бирок медицинада андай жабдыктар жети жылдан кийин күчүн жоготот. Ошондуктан Кыргызстанда иштеп жүргөн адис дарыгерлер калбай баратат, алардын баары Орусияга, Батыш, Чыгыш өлкөлөрүнө кетишүүдө.

"Алар айлык акынын аздыгынан да эмес, дал ошол жабдыктардын жоктугунан кетип жатышат. Кийин барып биз жабдыктарды алган күндө да анын тилин билген адистер жок болуп калышы толук ыктымал", - деди Дадабаев.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда беш миң наристе жүрөк кемтиги (порок сердца) менен ооруйт. Жыл сайын миң чамалуу ымыркай тубаса жүрөк кемтиги менен туулат, алардын тең жарымы бир жашка жетпей чарчап калышат же өмүр бою майып болуу коркунучуна дуушар. (ZKo/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG