Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Бабанов: Телетармак санариптик форматка эмитен даярдануусу керек


Кыргызстан санарип көрсөтүүгө өткөндө телекомпаниялардын ишинин сапатына талап күчөйт. Бул тууралуу бүгүн премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты. Көрүүчүлөрдүн тандоо мүмкүнчүлүгү кеңейгендиктен алар сапатка жана эл аралык стандарттардын сакталышына көбүрөөк көңүл бура башташаарын айткан Бабанов мындай шартта иштөөгө азыртан кам көрүү керектигин белгиледи. Кыргызстан санарип форматка 2015-жылы өтөт. Журналисттер менен жолугушууда өкмөт башчысы аларды бүгүнкү майрамы менен куттуктады, белектерди тапшырды. Бүгүн кыргыз телевидениесинин күнү. (RK)

XS
SM
MD
LG