Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Иран АКШнын “виртуалдык элчилигинен” майнап чыкпайт деп эсептейт


Расмий Тегерандын билдиргенине караганда, АКШнын Иран үчүн “виртуалдык элчилиги” ирандык жарандардын колдоосуна ээ болбойт. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Рамин Мехманпарастын айтымында, “АКШнын виртуалдык демилгеси Вашингтондун катачылыктарын эч убакта актабайт”.

АКШ Иран үчүн “виртуалдык элчилик” деп атаган, англис жана перси тилдериндеги сайт ушул шейшембиде ачылган.

Ирандык интернет колдонуучулардын маалыматына караганда, сайт торолгондуктан ага кирүү мүмкүн болбой жатат. Ак үй бул маалыматты комментарийлеп, Иран Интернетти цензуралоо жана чектөө практикасын кайрадан көсөткөнүн белгиледи.

АКШ менен Ирандын дипломатиялык мамилеси 1979-жылкы ислам ыңкылабынан кийин үзүлгөн.

XS
SM
MD
LG