Бүгүн Бишкекте майып балдарга коляскаларды тапшыруу аземи болду. 180 балага арналган бул кайрымдуулук акциясы АКШ жана Орусия мамлекеттеринин жардамы менен ишке ашты. Ага экс-президент Роза Отунбаева, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов катышышты. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 20 миңден ашуун майып бала бар. (RK)