Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

НАТО Орусиянын тынчсызданууларын жээриген жок


Бул тууралуу НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен бүгүн Брюсселде альянска кирген 28 өлкөнүн тышкы иштер министрлери Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан соң билдирди. Анын айтымында, НАТО Европада ракетадан коргонуу системасын түзүү планы боюнча Орусиянын камтамачылыктарына көңүл бурбай койгон жок. Эки ортодо пикир-келишпестиктер сакталууда, бирок тараптар диалогду улантуунун маанилүүлүгүн макулдашты.

Москва маселен НАТОдон ракетадан коргонуу системасы Орусияга каршы багытталбаганын кепилдөөнү талап кылууда. НАТОнун ырастоосунда, анын ракетадан коргонуу системасы Иран сыяктуу өлкөлөрдүн ыктымал чабуулунан сактанууну гана максат кылат.

Башкатчы Андерс Фог Расмуссен белгилегендей, ал Орусия менен саясий мунаса НАТОнун келерки жылдын майында Чикагодо өтүүчү саммитине тушташ жетишилип калабы деген үмүттө.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо НАТО ракетадан коргонуу боюнча “олуттуу кызматташтыкка даяр эместигин” белгиледи.

XS
SM
MD
LG