Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

Кытай энергия саясатын өзгөртүшү мүмкүн


Кытайдын улуттук мунай корпорациясы Сихуан провинциясындагы эки сланец газ кенин чалгындоонун натыйжасы ийгиликтүү болгонун билдирди. Бирок кендин кору боюнча эч кандай маалымат берилген жок. Эксперттер узактан бери Кытайда сланец газынын дүйнөдөгү эң чоң запасы болушу мүмкүн деп шектенип жүрүшкөн. Эгер бул маалымат ырасталса, Кытайдын отун-энергия саясаты кескин өзгөртүлүшү ыктымал. Бул Кытайдын базарына чоң маани берген Орусия менен Борбор Азиянын газга бай өлкөлөрүнүн өндүрүшүнө да таасир этиши этимал.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG