Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

Жерүй кени боюнча соттук жараян дагы жылды


Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Жерүй алтын кенине байланыштуу Жогорку Соттогу териштирүү келерки жылдын 16-январында улана турган болду. Кечээки соттук жараян ишти караган судьянын ден соолугуна байланыштуу кийинкиге калтырылды.

Кыргызстандын Талас облусундагы Жерүй алтын кенинде кеминде 80 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. Кенди иштетем деген “Жерүй алтын” ишканасынын лицензиясы 2010-жылдын ноябрь айында келишимди аткарган жок деген жүйө менен жокко чыгарылган. Ишкананын негизги кожоюну казакстандык “Визор Холдинг” компаниясы буга макул болбой, кыргыз өкмөтү менен соттошуп жатат. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG