Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Бишкекте мигранттар үчүн маалымат борбор ачылат


Кыргызстандан чет өлкөгө чыгып жаткан мигранттар үчүн Бишкекте атайын маалыматтык-кеңешүүчү борбор ачылат. Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн бул борбордун курулушунун расмий башталышы болот. Эл аралык миграция уюму менен өкмөт биргелешип кура турган борбордун имараты качан даяр болоору азырынча белгисиз. Бул борбор мигранттарга маалымат берип, алардын жалган убадаларга ишенип, кулчулукка кабылышын бөгөттөөнү максат кылат. Эл аралык миграция уюмунун жергиликтүү кеңсеси быйыл жыл башынан бери эле 400гө чукул кыргызстандыкты чет өлкөдөгү кулчулуктан куткарган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG