Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Өзбекстан Кыргызстанга транзиттик жүктү өткөрбөй жатат


Орусиядан темир жол аркылуу келе жаткан транзиттик жүктөрдү Өзбекстан Кыргызстанга өткөрбөй жатканын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов "Азаттыкка" тастыктады. Азырынча канча вагон жүк, качантан бери кармалып жатканы тууралуу толук маалымат жок. Министрлик өзбек тарапка кайрылуу жөнөткөнү менен так жооп боло элек. Бул маселени парламенттин кечээки отурумунда депутат Бакыт Төрөбаев көтөрүп чыгып, Өзбекстан Кыргызстанга келиши керек болгон буудай жана ун жүктөлгөн вагондорду өткөрбөй жатканын, буга чукул чара көрүү зарылдыгын белгилеген. (KKs)

XS
SM
MD
LG