Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Бишкек: 15 аскер кызматынан качып кетти


Коргоо министрлигинин алдында аскердик кызматын өтөп жаткан 15 бала 7-декабрдан 8-декабрга караган түнү кызматын таштап качып кетти. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" ошол балдардын бири - Тынычбек уулу Айбектин апасы Анара Абдрахманова билдирди. Анын айтымында, уулу телефон чалып, "командирлерим көрсөткөн мындай кордукка чыдай албайм, керек болсо муунуп өлөм" деп айткан.

Абдрахманованын айтымында, уулу аскерге өз эрки менен апрелде кеткен. Коргоо министрлигинин алдындагы бөлүктөрдүн биринде байланыш түйүнүндө кызматын өтөп жаткан. Сентябрда бутун айнекке кестирип алды деп госпиталга 10 күндөй жаткан. Бул үчүн командирлердин айлык акысы кесилгендиктен, алар күн сайын мас абалында Айбекти сабап, түрдүү ыкма менен кыйнашканын ал энесине ыйлап айткан экен.

Азыр 15 аскердин кайда экени белгисиз. (RK)

XS
SM
MD
LG