Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Валюта кору Кыргызстанга 14,8 миллион доллар кредит берет


Эл аралык валюта корунун аткаруу комитети Кыргызстанга 14,8 миллион доллар өлчөмүндө кредит берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу кордун тышкы байланыштар департаментинен кабрлашты. Бул каражат Кыргызстанга жардам катары берилүүчү кредиттик механизмдерди кеңейтүүгө жумшалат. Валюта корунун пикиринде, Кыргызстандын экономикасында былтыр төмөндөө болду. Бирок азыр абал дурус. Өнүгүү темптери жогору, инфляция төмөндөй баштады. Бирок келечекте глобалдык экономикалык проблемаларга байланыштуу көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн деп эсептешет Валюта корунун адистери. (RK)

XS
SM
MD
LG