Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

Коргоо министрлиги качкан аскерлерди күнөөлөдү


Качып кеткен аскерлер жаңы чакырылган аскерлерди урган, аны жетекчилик билип калгандан кийин качып кетишти. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Коргоо министрлигинин тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Эрнис Эламанов билдирди.

Мурда кабарлангандай, Бишкек гарнизонунун 41069-бөлүгүнөн 8-декабрда 15 аскер качып кеткен.

Учурда аталган аскердик бөлүктүн алдында качып кеткен аскерлердин ата-энелери, укук коргоочулар чогулуп турашат. Качкан жоокерлердин дайыны азырынча белгисиз. (EBM/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG